200 миң доллар пара менен кармалган Улан Чалбаев 5 жылга эркинен ажыратылды

  • 4 года мурун

Баш прокуратуранын мамлекеттик айыптоону жана соттордо өкүлчүлүкту колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Улан Чалбаев 19-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан беш жылга эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу Биринчи май райсотунун басма сөз кызматы билдирди.

Улан Чалбаев менен бирге саясатчы Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков пара берүү беренеси боюнча күнөлүү деп табылды. Ага 2 млн сом айып салынды.

Самаковдун дагы бир уулу Жаныбек Самаков сот тарабынан акталды.

Пара алууда ортомчу болгондугу үчүн Айнура Кайнаева күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып тартмай болду.

Эрлан Кыдыралиевге кылмышты жашыргандыгы үчүн 220 миң сом айып пул салынды.

Ушул эле берене боюнча Максат Тукинов да күнөөлүү деп табылып, 220 миң сом айып салынды.

Өкүм күчүнө киргенден кийин далил катары алынган 199 миң 500 доллар жана «Samsung Galaxy S6 edge» телефону мамлекетке өткөрүлөт.

Дооланган пара Карганбек Самаковду жаза өтөөдөн кутултуу максатында берилген деп айтылган.

Улан Чалбаев улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматы тарабынан 2018-жылдын 16-апрелинде кармалган.

Кармалгандан кийин Чалбаев инсульт алышы мүмкүн деп ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Сүрөт: Чалбаев кармалган кезде. УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты