​Президент балет бийчилери Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков балеттин артисттери, жубайлар Надырбек уулу Канат жана Ирина Сапожникова менен жолугушту.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын балет артисти Надырбек уулу Канатка ыйгарылды.

Бул тууралуу Президенттин басма с оз кызматы билдирди.

КР Ардак грамотасы менен академиялык Мариинск театрынын Приморск филиалынын прима-балеринасы Сапожникова Ирина Константиновна сыйланды.

Сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктарга жигердүү катышкандыктары үчүн тапшырылды.

Алар СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган «Балет, балет…» аталышындагы балет искусствосунун эл аралык фестивалына катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты