​Кыргызстан Өзбекстандан кирген жашылчаларды убактылуу чектеди

  • 4 года мурун

Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын башынан бери Өзбекстандан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган.

Анын ичинде 10 жолу ууланган продукция келген. Аталган мекеме тараткан кабарга ылайык, акыркы жолу Өзбекстандан ташылып келген анардын ууланганы аныкталган.

Товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабораториянын текшерүүсүнөн өткөндө “Grapholitha molesta Busck” вирусу менен ууланганы белгилүү болгон.

«Мындан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товар да “Достук” бекетинен өткөрүлгөн жок.

Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна продукциянын (курма, бий алма ж.б) фитосанитардык сертификаты жараксыз жана этикеткасы жок экени такталган» деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

ЕАЭБдин талаптарына жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, карантиндик товарлардын Өзбекстандан ташып келүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

Министрликтин алдындагы өсүмдүктөрдүн карантини департаменти кошуна өлкөнүн тийиштүү мекемесине өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилип жатканы жөнүндө кат жөнөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты