163 кыргызстандык бараткан. Нячанг — Бишкек каттамы боюнча учак Калькуттада техникалык себептерден улам конгон
- 7 месяцев мурун
ТИМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Нячанг — Бишкек каттамы боюнча бараткан учак Индиянын Калькутта шаарынын аэропортуна техникалык конуусуна байланыштуу министрлиги билдирүү жасады.
Air nomad авиакомпаниясынын маалыматына ылайык, конуу май куюу жана учуунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн.
Жүргүнчүлөрдүн арасындагы Кыргыз Республикасынын 163 жараны мейманканага жайгаштырылып, эки маал тамак-аш жана зарыл шарттар менен камсыз болушкан. Авиакомпания тарабынан кошумча аба борту берилген, анын Бишкекке учуусу пландаштырылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




