Бишкектеги тез татым жайындагы өрттөн 13 киши жабыркады. 1 киши каза тапты
- 5 лет мурун
Бишкек шаары, Биринчи Май районунда, Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан «Антошка» аттуу тез татым жайынан чыккан өрт саат 14:08де чектөөгө алынды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Алардын айтымында, өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын- ала маалымат боюнча 8 адам ар кандай жаракат алган, маалымат такталууда,- деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.
Ал эми саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 1 киши каза тапты. 13 киши жабыркады.
Бугүн, 8-ноябрда, Бишкек шаарында, Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан тез татым “Антошка” аттуу ашканадан өрт чыккан.
Муну бөлүшүү