Бүгүн маданият кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө
- 5 лет мурун
Бүгүн, 2-ноябрь, маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков маданият кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.
Кесиптик драма театры Кыргызстанда Октябрь революциясынан кийин башталган.
Кыргыз маданиятынын тарыхы 1926-жылы Фрунзе шаарында музыкалык-драмалык студияда Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасын коюудан башталган. Андан кийин Касымалы Жантөшевдин «Карачач» паьесасы коюлган.
Министр Азамат Жамангулов быйыл приоритеттүү багыт- театр болуп, маданий иш-чараларды өткөрүүгө аракет жасалып жатканын белгиледи.
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда бүгүн, 2-ноябрда, маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Жаңы ысымдар” аттуу гала-концерт өтөт.
Муну бөлүшүү