​Бишкекте кайгуул милиция кызматы ишке киришти

  • 4 года мурун

Бишкекте бүгүн, 31-октябрда, кайгуул милиция кызматы ишке киришти.

Биринчи баскычта аталган кызматка 600 киши сынак аркылуу тандалып алынды. Алар эми 56 машине менен коомдук тартипке жана жол кыймыл коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.

Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди.

Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын башка аймактарында да иштей баштай тургандыгы айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты