ИМ лидери Багдадинин сөөгү сууга чөктүрүлдү
- 5 лет мурун
Өткөн ишемби күнү Сирияда өлтүрүлгөн «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун лидери Абу Бакр аль—Багдадинин сөөгү деңизге чөктүрүлдү.
Бул тууралуу CNN телеканалы Пентагондун эки өкүлүнө шилтеме кылып билдирди.
Аль-Багдади ишемби күнү Сирия менен Түркиянын чек арасындагы атайын операцияда өлтүрүлгөн. Жекшембиде АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайен NBC телеканалынын эфиринде сүйлөп, ИМ лидеринин сөөгү Усама бен Ладендикиндей сууга чөктүрүлө турганын айткан. Ал мындай чечимди террорчунун көрүстөнүн сыйынуучу жайга айлантпоо аракети менен түшүндүрдү.
Дүйшөмбү күнү АКШнын президенти Дональд Трамп аль-Багдадини өлтүрүү боюнча жүргүзүлгөн атайын операциядагы видеонун үзүндүлөрүн жарыялоону убадалап, «Твиттерге» операцияга катышкан иттин сүрөтүн чыгарган.
АКШнын штаб жетекчилеринин бирдиктүү комитетинин төрагасы Марк Милли операциядагы сүрөттөр менен видеолор ачыктоо процессинен өтүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, операциянын жүрүшүндө америкалык аскерлер эки адамды тирүү колго түшүргөн. Азырынча алардын аты-жөнү айтыла элек.
Абу Бакр аль-Багдади 1971-жылы Ирактын Самарра аймагында туулган. Дин илимин окуп, 2004-жылы америкалык аскерлерге каршы кутум уюштурган деген айып менен соттолгон. Эркиндикке чыккандан кийин көмүскө иш алып барган жихад уюмуна кошулуп, көп өтпөй аны башкарып калган. 2014-жылы өзүн бардык мусулмандардын лидери — халиф деп жарыялаган. Анын жетекчилиги алдында «Ислам мамлекети» Ирак менен Сириянын аймактарынын кыйла бөлүгүн өзүнө каратып алган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.