«Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча жаңы аба каттамы ачылды

  • 4 года мурун

«Ош» эл аралык аэропортунда «Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы авикаттам ачылды.

Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 28-октябрда «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча биринчи каттамды салтанаттуу тосуп алуу иш чарасы болуп өттү.

Салтка ылайык, Airbus-320 Neo учагын суу аркасы менен тосуп алышты.

Оштон Кувейт шаарына 139 жүргүнчү учууга катталды.

Авиакаттамдар жумасына эки жолу — дуйшөмбү, шаршемби күндөрү аткарылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты