​Абылгазиев КМШ өкмөт башчылар жыйынына катышууда

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Москва шаарында КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Москва шаарындаа «Сколково» инновациялык борборунда өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын чакан курамына катышууда.

Андан соң Кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйыны болот, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибине 19 маселе кирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты