Ош тургундары кен казууга каршы митингге чыгышты

  • 5 лет мурун

Кен казууга каршы болуп жаткан Алай районунун 100дөй тургуну Ош облустук администрациясынын алдына чогулушту. Аларды облус жетекчилиги кабыл алып, сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу «Азаттык» билдирди.

Акцияга чыккандар учурда милицияда кармалып турган эки тургунду үй камагына бошотууну жана кен казууну токттууну талап кылып жатышат.

Оштун Алай районунда кен казуучулар менен жергиликтүү тургундардын мушташы дээрлик бир айдан бери иликтенүүдө. 20дан ашуун адам аралашкан чырдан улам алты киши сурак берип жатат. Калгандары тергөөдө күбө катары өтүп жатышат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Азаттыкка» билдиргендей, 28-сентябрда «Жол Мед Кен» ишканасынын 7-8 жумушчусу сары таш казып жаткан учурда Таш-Короо айылынын 25тей тургуну аларга келип, каршы сөз айткан. Ортодо мушташ чыгып, жашоочулар ишканага таандык бир чатырды өрттөп, бир КАМАЗдын жана жер казуучу бир топ транспорттун айнектерин талкалашкан. Эки тараптан үчтөн адам жаракат алган.

Жергиликтүү милиция Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») боюнча тергөөнү баштаган. Андан тышкары «Жол Мед Кен» ишканасынын ишмердиги Жоруктар жөнүндө кодекстин 113-беренеси («Коммерциялык же бөлөк уюмда ыйгарым укуктарды кыянат пайдалануу») жана 115-беренеси («Кен казуу, курулуш жумуштарынын, жарылуу коркунучу бар же бөлөк жумуштардын эрежелерин бузуу») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция аталган ишкана жергиликтүү компания экенин айтып, кимге таандык экенин ачыкка чыгарган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты