​АКШ Сириядагы аскерлерин Иракка жөнөтөт

  • 5 лет мурун

Вашингтон Сириянын түндүкчыгышынан чыгарылган 700дөн ашык аскерин Иракка жөнөтөт. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Марк Эспер билдирди.

Анын айтымында, алар Ирактын батышына жайгашып, «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштү улантышат.

Сириянын мамлекеттик SANA агенттиги кабарлагандай, жекшемби күнү америкалык транспорттук колонна Сириядан чыгып, Ирактын аймагына кирди.

9-октябрда Түркия Сириянын түндүгүндө күрддөргө каршы аскердик операциясын баштаган. Анкара куралдуу күрд кошуундарын террордук топ деп эсептейт. Вашингтон тескерисинче, аларды «Ислам мамлекетине» каршы күрөштө союздаш катары тааныйт.

АКШнын президенти Дональд Трамп Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлер чыгарыла турганын 8-октябрда билдирген. Анын бул чечимин конгрессмендердин көбү сынга алган.

Өткөн жумада Анкара менен Вашингтон Сириядагы түрк операциясын убактылуу токтотууну макулдашкан. Ал күрд куралдуу топторунун аймактан чыгып кетиши үчүн 120 саатка созулушу керек болчу. Бирок 19-октябрда Түркия менен күрд аскерлери ок атпоо режими бузулганын айтып, буга бири-бирин айыптады.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөттө: Сириядагы америкалык аскерлер Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты