​Кыргызстанда 3294 диний уюм бар

  • 4 года мурун

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өткөн 3294 диний уюм бар.

Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-октябрдагы, жыйынында тиешелүү мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Анын маалыматына караганда, мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын каттоосунан өткөн 3294 диний уюм бар. Анын ичинен 2665и мечит, бир муфтият жана 9 казыят бар. 69у ар кандай фонддор. Мындан башка медреселер да бар

Диний уюмду түзүш үчүн 200 кишинин макулдугу керек. .

Кыргызстанда 20 дан ашык диний уюмдун ишине экстремисттик уюм катары тыюу салынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты