Алайдагы Күн-Элек мектеби пайдаланууга берилди
- 6 лет мурун
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунда бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышты.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Алай районунун Күн-Элек айылындагы мектепти пайдаланууга берилди.
225 орунга ылайыкташкан мектептин жаңы имаратынын курулушу 2015-жылы башталган. Мектеп интернетке туташтырылган жана заманбап компьютердик техника менен жабдылган.
Ошондой эле Боронов Согонду айылындагы 60 балага эсептелген «Наристе-Согонду» бала бакчасынын ачылыш салтанатына катышты.
Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр Сопу-Коргон айыл өкмөтүнүн Бүлөлү айылынын жаңы курулган административдик имаратынын ачылышына жана Сопу-Коргон айылындагы спорт комплекстин курулушун баштоого капсула салууга катышты.
Муну бөлүшүү