30 кызматкерди жумуштан алды деп нааразы болгондорго «Манас менеджмент компаниясынын» президенти жооп берди (Видео)

«Манас менеджмент компаниясынын» коопсуздук кызматынын кээ бир кызматкерлеринин нааразычылыктары негизсиз деп айтууга болорун «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы «Манас менеджмент компаниясынын» президенти Нурсултан Белековго ишлтеме берүү менен билдирди.

-«Манас эл аралык аэропортунун» Бишкек филиалынын Коопсуздук кызматына функцияларын өткөрүп берүү жөнүндө «Манас менеджмент» жетекчилигинин чечими бул жөн гана операциялык ишмердүүлүк. Эч ким жумуштан бошотулбайт. которула турган кызматкерлердин эмгек акысы жана социалдык жеңилдиктери сакталат.

Кызматкерлердин арыз жазуусун эч ким талап кылган эмес. Юридикалык жактан иштер иретке келтирилип бүтөрү менен кызматкерлер ишке чыгышат.

Ал эми, үч айлык окуу жөнүндө айта турган болсок, мындай окуу курстары жок. Ошондой эле, аларды окутууга жөнөтүү үчүн 2019-жылдын бюджетине каражат бөлүнүп, бекитилген эмес. Кызматкерлер кандай иштеп жатышса, ошондой ишке чыгып, ишмердүүлүктөрүн уланта берет -деп билдирди «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

Айтымында, жарандык авиациянын талаптарына жана Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) нормаларына ылайык, аэропорттун аймагындагы авиациялык коопсуздук системасы бирдиктүү болушу зарыл.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык, «Манас эл аралык аэропорту» Бишкек филиалынын Авиациялык коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгүн күчөтүп жана тартипке келтирүү, системалоо үчүн Бишкек филиалынын Авиациялык коопсуздук кызматы аркылуу жүк терминалындагы коопсуздукту камсыздоо сунушталган.

Буга чейин «Манас менеджмент» компаниясынын коопсуздук кызматынын 30 кызматкери бизди жумуштан негизсиз бошотту деп нааразылык билдирип чыгышкан.

Аларга жооп катары «Манас менеджмент компаниясынын» президенти Нурсултан Белеков мындайча комментарийледи. Видеодо:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты