​Бишкекте жапырт жер басып алууну көздөгөн жарандар кармалды

  • 4 года мурун

Мэриянын басма сөз кызматы Бишкек шаарында жарандар жер басып алууну көздөгөнүн билдирди.

Айтымында, 15-октябрда, 100 гө жакын киши Биринчи май районунун “Калыс ордо” жаңы конушунан муниципалдык 7 гектар жер аянтын басып алууга аракет кылышкан.

Жер иштетүү жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери милиция менен ал жерге барды.

Аталган башкармалыктын башчысы Талант Иманакун уулу Биринчи май ИИБ башчысы Казакеевге кайрылып, аларга чара көрүүнү суранган.

Бул тартипсиздиктин себепкерлери жана уюштуруучулары кармалып, алардын тек-жайы такталууда.

Бишкек мэриясы шаардыктарды жер басып албоого чакырат, бул кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси боюнча бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылуу менен жазаланарын эскертет. Ал эми массалык түрдө басып алуу болсо, ал үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми массалык жер басып алууну уюштургандар жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бишкек шаарында курулушка жер бөлүп берүүгө мораторий жарыяланган.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты