16-апрель: Көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт
- 1 неделя мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 16-апрелде, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Таласта жаан—чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;
Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 17…22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 16…18° болот.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-19-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан