​Учакка АКШдан тетик алып келгенче, “Эйр Манас” каттамдары токтотулду

  • 4 года мурун

“Эйр Манас” компаниясынын каттамдары 11-октябрда да токтотулат.

Бул тууралуу жарандык авиация агенттиги билдирди.

Агенттиктин айтымында, Pegasus кампасында алмаштырчу тетик болбогондуктан, ал АКШдан “Боинг” заводунан алынып келингиче жана учакты оңдогуча бир канча күн өтөт. Ошондуктан эртең, 11-октябрда, “Эйр Манас” компаниясынын Бишкек-Ош-Бишкек үч каттамы токтотулат.

“Эйр Манас» компаниясынын маалыматы боюнча, билет сатып алган ар бир жүргүнчүгө каттамдардын кийинкиге жылдырылышы боюнча СМС билдирүү жөнөтүлүп жатат. Жүргүнчүлөр алган билеттерин башка каттамга жылдырып же акчасын кайтарып ала алат.

“Эйр Манас” авиакомпаниясы жургүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт.

Бүгүн, 10-октябрда жана 9-октябрда да «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдар техникалык себептерден улам учуу убактылары жылдырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты