​Бишкек мэриясынын кызматкери жер сатууга шектелүүдө

  • 4 года мурун

Бишкек шаардык мэриясынын кызматкери жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган факт аныкталды.

Бул фактыны улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматы аныктады.

Атап айтсак, Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. Биринчи май районунун Калыс-Ордо конушунан 7,2 га участокту жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берүү максатында 2 млн.сом өлчөмүндө акча каражатын алган.

А.Н. кызматтык абалынан пайдаланып, расмий документтерди жана мэриянын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин колун жасалмалап койгон. Ошондой эле жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаган.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. жана КР жараны С.А. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүрүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты