​“АгроТехЭкспо” көргөзмөсү ачылды

  • 5 лет мурун

Бишкекте айыл чарба техникасынын “АгроТехЭкспо-2019” көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөгө 20 өлкөнүн 30дан ашуун компаниясы, ошондой эле республиканын ар башка аймактарынан дыйкандар жана фермерлер катышууда.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, республика боюнча 90 МТС иштейт, анын 37си – муниципалдык ишкана.

«Жыл сайын дыйкандар 1000 даанадан ашык атайын техника сатып алат. Алсак, бул жылы жалпы суммасы 1 млрд 890 млн сомго дагы 1200 даана сатып алуу күтүлүүдө. Анын ичинен 400 даанасы лизингге берилген.

Муну менен бирге бөлүнгөн каражаттар дыйкандардын айыл чарба техникасына болгон керектөөсүн толук канааттандыра албайт” деди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты