Оштогу атышууда белгилүү спортчу жабыркады

  • 5 лет мурун

22-сентябрда кечке маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгону кабарланууда.

«Азаттыктын» өздүк булактарынын билдиргенине караганда, атышта Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиевдин «Азаттыкка» ырастаганы боюнча, анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткен.

Аны өзү менен кошо машыгып жүргөн Кылыч Саркарбаев атканы айтылууда. Саркарбаев — эрежесиз мушташтын чебери, бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Кылыч Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин башкарып жаткан. Ал окуя болгон жерден качып кеткени айтылууда. Милиция расмий маалымат тарата элек.

Баштапкы кабарларга караганда, окуя Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренесинин негизинде катталды. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Оштогу EREM спорт клубу бажы кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары Раимбек Матраимовго таандык экени айтылып жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты