Кыргыз делегациясы БУУ башкы ассамблеясынын сессиясына катышат

  • 5 лет мурун

21- сентябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Нью-Йорк шаарына Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамлеясынын 74-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн барат. Иш-чара 28-сентябрда чейин созулат.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Анда ар кыл мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун, ошондой эле эл аралык уюмдардын башчылары, анын ичинде, БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриш менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.

Ошону менен бирге эки тараптуу документтерге, анын ичинде дипломатиялык мамилелерди түзүү боюнча коммюникеге кол коюу пландалууда.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысынын өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө БУУ Башкы ассасблеясынын 74-сессиясынын жалпы дебаттарына чыгып сүйлөөсү пландалган.

КР ТИМ башчысы дүйнөлүк коомчулукка өлкөнүн коомдук-саясий жана экономикалык турмушунда болгон маанилүү өзгөрүүлөр, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан реформалар жана Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү стратегиялык багыттар жөнүндө маалымат берет.

Кыргыз Республикасы мурдагы уран казып чыгаруу ишмердүүлүгүнө байланыштуу коркунучтарга арналган жогорку деңгээлдеги иш-чараны кошумча өткөрөт.

Сүрөт : Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты