​ЮНИСЕФ: Былтыр согуш жүрүп жаткан аймактарда 29 млн ашык бала төрөлдү

  • 5 лет мурун

Былтыр Ооганстан, Сомали, Түштүк Судан, Сирия жана Йемендин согуш жүрүп жаткан аймактарында 29 миллиондон ашык бала төрөлдү.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фонду (ЮНИСЕФ) билдирди.

Фонддун 20-сентябрда жарыяланган баяндамасында белгиленгендей, бул сан өткөн жылы жалпы жарык дүйнөгө келген балдардын дээрлик ар бир бешинчиси жашоосунун алгачкы учурларын согуш жүрүп жаткан башаламан шартта өткөргөн дегенди билдирет.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Форенин айтымында, көптөгөн өлкөлөрдө куралдуу кагылыштар ата-энелер менен балдарды жашоо үчүн маанилүү болгон негизги шарттардан чектейт. «Ар бир ата-эне наристесинин алгачкы учурларын баалашы керек. Бирок согуш жүрүп жаткан жердеги миллиондогон үй-бүлө үчүн реалдуулук кыйла кайгылуу», — деди Форе.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты