Гүлшара Дулатова жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшара Дулатова жашаган үйгө 6-сентябрда мемориалдык такта орнотулду.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаттары, шаар мэрия өкуүлдөрү, кесиптештери, театр чеберлери жана анын талантын сыйлаган коомчулук катышты.
Гүлшара Дулатова 1930 -жылы Токмок шаарында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун 16 жаш курагында, 1946-1948- жылдары борборубуздагы филармонияда хордо солист болуп иштөө менен баштаган.

Ташкенттеги Островский атындагы театралдык институттун театр жана кино актеру бөлүмүн 1953-жылы аяктап, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кирген.

Гүлшара Дулатова сахнада 100дөн ашуун ар кыл мүнөздөгү образдарды жаратып, театр сүйүүчүлөргө тартуулай алды.

Мисалы: Гольдони “Эки мырзанын малайы” – Беатриче, Т. Абдумомунов “Тар капчыгай” – Анар, К. Жантөшев “ Курманбек” – Гүлай, Б. Жакиев “Атанын тагдыры” – Зуура, Ч. Айтматов “Бетме — бет” – Сейде, “Саманчынын жолу” – Толгонай, М. Карим “Ай тутулган түндө”- Таңгабийке, Фигейредо “Эзоп” – Клея, К. Чапек “Эне” – Эне, Г. Лорка “Бернарда Альбанын үйү” – Бернарда, Тренев “Любовь Яровая” – Дунка сыяктуу көптөгөн образдары менен көрүүчүлөрдү таңданткан.

Театр өнөрүнүн корифейи Гүлшара Дулатова 2009 -жылы 3- мартта 79 жаш курагында дүйнө салган.

Сүрөт: Маданият министрлиги жана интернеттен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты