​Бишкек ЖЭБ турбинасы жарылып, эки киши жабыркады

  • 5 лет мурун

Бишкек Жылуулук электр борборунун №7 турбинасы жарылып, эки киши жабыркады деген ЖМКдагы маалыматты “Электр станциясынын” басма сөз кызматы ырастады.

«Бүгүн, 6-сентябрь күнү, Бишкек ЖЭБде турбиналардын бири убактылуу өчүрүлүп, анын жыйынтыгында эки слесарь жеңил күйүк жарат алды. Доктурлар тарабынан абалдары туруктуу деп бааланууда жана компаниянын өзгөчө көзөмөлүндө турушат.

Жабдуулар туурасында айта турган болсок, турбина ишке киргизилген, электр энергиясын иштеп чыгаруу боюнча эч кандай чектөөлөр киргизилген жок жана киргизилбейт. Болгон окуянын себептери атайын түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча аныкталат.
Компания жабыркаган кызматкерлерине бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп жатат» деди басма сөз кызматы.

2018-жылы кыш мезгилинде ЖЭБде авария болуп, шаардыктар бир жума жылуулуксуз калган. Бул кырсыктын аягы ЖЭБдеги коррупциянын бетин ачууга себепчи болгон.

Бул боюнча бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголуп, кээ бирлери жазасын алып, кийинки сот иштери улантылып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты