Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду
- 5 лет мурун
Бүгүн, 4-сентябрда, Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол койгонун Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кудайбердиева 2016-жылдан бери министр болуп иштеп келген. Ал башкарып турган учурда басылып чыккан окуу китебиндеги, айрым документтердеги каталар, тендерге байланыштуу бир топ сын-пикирлер айтылып келген.
Акыркы жолу Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукта абдан чоң талкууну жараткан.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү