Нарында контейнер-мектепте окуп жаткандар үчүн мектеп курууга эл ичинде каражат чогултула баштады

Социалдык түйүндөрдө Нарын районунун Кеңеш айылында контейнерде окуп жаткандарга мектеп куруу үчүн элден акча чогултуу демилгесин башташты.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө контейнер-мектепте билим күнү болуп, анда Нарын облусунун аткаминерлери ачылышка катышып жаткан сүрөттөрү жарыя болгон.

Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын айтымында Кеңеш айылындагы мектеп авариялык абалда. Ошондуктан контейнерлерден балдар убактылуу окуганга ыңгайлаштырып окуп жатышат. Бул айылда 160 окуучу бар.

Ал эми социалдык түйүн колдонуучулары Кеңештеги окуучуларга ким кандай жардам бере аларын тизмектей баштады.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты