​Бишкекте «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму өтөт

  • 5 лет мурун

25-27 – сентябрда Бишкекте «Евразия жумалыгы – 2019» IV эл аралык форуму өтөт.

Бул тууралуу монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин сайты жазды.

Иш-чара мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтөт.

Уюштуруучулардын айтуусунда, быйыл форум “ЕАЭБ: Консолидация. Өнүгүү. Күч-аракет” деген ураан алдында өтмөкчү.

Форумдун программасына ылайык үч блок боюнча 20дан ашуун аянтчаны уюштуруу болжолдонулууда.

Анын ичинде Кыргызстан жана ЕАЭБ үчүн өзгөчө актуалдуу болгон негизги тармактар боюнча бизнес үчүн практикалык маселелер талкууланат. Жаштар трек алкагында ЕАЭБ жаш лидеринин мектеби, ЕАЭБ ЖОЖдорунун сессиясы-презентациясы, ошондой эле бизнес-оюндар жана ишке орноштуруу маселелери боюнча сессия ж.б. өтөт.

Евразия жумалыгында өзгөчө орунду айыл чарбасы жана тамак-аш өнөр жайына арналган көргөзмө ээлейт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты