«Апрель» телеканал юристтери ИИМ кызматкерлеринин үстүнөн арыз беришти (Видео)

«Апрель» телеканалынын юристтери Баш прокуратурага жана Биринчи май райондук сотуна ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин үстүнөн арыз беришти.

Бул тууралуу телеканал сайтында билдирди.

Кайрылууда 9-августта тергөөчү атайын аскердин коштоосунда «Апрель ТВ» офисинин аймагына кирип, бардык кызматкерлерди сыртка чыгарууну буйругандыгы айтылат.

Күч тутумунун кызматкерлери өздөрүнүн документтерин жана кандай негизде келген кагазын көрсөткөн эмес.

Алар оозеки түрдө «Форум» ишканасы камакка алынат, имарат жабылат деп билдирген.

Юристтердин айтымында, «Медиа форум» камакка алынса, «Апрель» ТВ ал жакта ижарада гана отурат.

«Медиа форум» имаратында дагы башка ЖМК-«Европа плюс», «Ретро FM», «Кыргызстан обондору» жана «Я» телеканалы бар.

Алардын баары эле кадимкидей иштеп жатат, бир гана «Апрель ТВны» киргизбей жатышат.

Алар кызматкерлердин тизмесинде жоксунар деп айтып жатканын, бирок «Апрель ТВдан» эч ким кызматкерлердин тизмесин сурабаганы айтылды.

Юристтер ИИМ тергөөчүлөрү Конституцияны, ЖМК тууралуу мыйзамды, «Ишкерлердин укугун коргоо» боюнча мыйзамды, «Жоруктар» тууралуу кодексти бузгандыгын билдирип жатышат.

9-августта «Апрель»телеканалы жабылган.

Кыргызстандын медиа уюмдары жана көз каранды эмес ЖМКсы бүгүн, 10-августта, “Апрель” телеканалынын жабылышына каршы, сөз эркиндигин жактап чыгышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты