Баткенде бала бакча курулушуна 20 млн сом бөлүнгөн
- 5 лет мурун
Баткен районунун Төрт-Күл айыл аймагына караштуу Чон-Талаа айылында 34 орунга эсептелген бала бакчанын курулушуна 20 млн сом бөлүнгөн.
Бүгүнкү күнү объектте жер казуу иштери жүрүп жатат.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чоң-Талаа айылындагы бала бакчанын имаратынын пайдубалына капсула салуу салтанатына катышты.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.
Муну бөлүшүү