№153 экспресс автобусунун түнкү каттамдары жүрө баштады
- 4 месяца мурун
Бишкек шаарында 17-октябрдан тартып №153 «Асанбай – “Манас” эл аралык аэропорту» экспресс-маршруту боюнча түнкү каттамдар жүрө баштады.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Түнкү каттамдардын убактысы: 00:00; 03:00 жана 05:00.
Маршрут экспресс болуп саналат, токтоочу жайлар так аныкталган. Мэрия белгиленбеген жерде токтоо — жол эрежесин бузуу болуп эсептелерин эскертти.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




