Жээнбеков Медведев менен жолугушту
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына келген Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведев соода-экономикалык кызматташуу, Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары алкагындагы макулдашууларды ишке ашыруу, 2020-жылды Россияда Кыргызстандын, ал эми Кыргызстанда Россиянын жылы деп жарыялоо маселесин талкуулашты.
Сүрөт Президенттин басма сөз кызматы. :
Муну бөлүшүү