Кайгуул кызматына экинчи этапта бош кызмат орундарына сынак жарыяланды
- 5 лет мурун
Милициянын кайгуул кызматына экинчи этап боюнча бош кызмат орундарына сынак жарыяланды.
Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Сынакка катышууга документтер 24-августуна чейин ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы тарабынан Бишкек шаары Валиханов көчөсү 1а дареги боюнча кабыл алынат.
Кошумча маалыматтарды сурап билүү тел. +996 312 63 09 01, +996 312 63 02 53, тел./факс +996 312 63 12 75.
Конкурска аялдар жана эркектер катыша алат:
1) Катардагы кызмат орунга 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар
2) Офицердик кызмат орунга 21 жаштан 35 жашка чейинкилер;
3) Cоттолбогону тууралуу маалымкат;
4) «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болууга тийиш
5) Офицердик орунга талапкерлигин койгондор жогорку билимдүү, кенже курамга орто билимдүү болуусу керек;
6) Башкармалыктын начальнигинин кызмат ордуна катыша тургандар үчүн – укук коргоо органдарында жетектөөчү кызмат ордунда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болууга тийиш;
7) Эркектердин боюнун узундугу 170 см кем эмес, ал эми аял кишиники 165 см кем эмес болуш керек;
8) Биринчи конкурска катышкан жана тандоодон өтпөй калган талапкерлер жалпы негиздерде экинчи конкурска катыша алышат.
Бош кызмат орундарынын тизмеси сайттын маалымат бөлүгүндө жайгаштырылган. (http://www.guobdd.kg/onenews/1351)