​Дмитрий Медведев Чолпон-Атага келет

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуу учурунда Россия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведевдин Чолпон-Атага келиши күтүлүп жатканын белгиледи.

«Жакын арада Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевдин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына сапары күтүлүүдө.
Буга байланыштуу белгилей кетсем, кыргыз-россия кызматташтыгынын динамикасы эң жогорку деңгээлде турат жана биз аны мындан ары карай өркүндөтүү үчүн бардыгын жасайбыз», — деп белгиледи Премьер-министр.

Николай Удовиченко өз кезегинде кыргыз-россия кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүүсүн белгиледи.

Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жана эки жактуу мамилелердин башка актуалдуу маселелери талкууланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты