​Абдыкалык Рустамов жана жардамчысы Арслан Ибраев эки айга камалды

  • 5 лет мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамовду жана анын жардамчысы Арслан Ибраевди эки айга камоо чечимин чыгарды.

Рустамов менен анын жардамчысы 30-июлда 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган.

Маалыматка караганда, алар чет элдик жаранга Ысык-Көлдүн Ананьево айылынын токой чарбачылыгынын жер фондунан 5 гектар жер берүүдө оң чечим чыгаруу үчүн пара талап кылган.

Тинтүү учурунда кармалгандардын ар биринен миң доллар чыккан.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 325-беренеси, пара алуу катары катталган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты