​Трамп Путинге токойдогу өрттү өчүрүүдө жардамын сунуштады

  • 5 лет мурун

АКШ президенти Дональд Трамп Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, токойдогу өрткө каршы күрөшүүдө жардамын сунуштады.

Бул тууралуу «РИА Новости» Кремлдин маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

«РИА Новости» жазгандай, Путин Трамптын сунушуна ыраазычылык билдирген. Орусия лидери эгер жардам керек болсо, кабыл аларын айткан. Путин АКШнын сунушу эки өлкөнүн толук форматтуу мамилелеринин жанданышынын башаты экенин белгилеген.

Шаршембиде Путин токойдогу өрттү өчүрүүгө Коргоо министрлигин тартууга буйрук берген.

Бир нече күн мурда Красноярск крайынын губернатору Александр Усс Сибирдеги өрт эмне себептен өчүрүлбөй жатканын түшүндүргөн.

«Бул кадимки эле табигый көрүнүш, күрөшүүдөн пайда жок, балким, зыян», деген.

Россиянын Красноярск крайында, Иркутск облусунда жана Якутияда токой өрттөнүп жатат. Соңку маалыматтарга ылайык, өрттүн аянты 3 миллион гектардан ашты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты