​Өзбекстан өкмөт башчысы Арипов Кыргызстанга келди

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тосуп алды.

Абдулла Арипов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Мындан тышкары Өзбекстан премьер-министрин Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы.

Абдулла Арипов менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин соңку жолугушуусу 2018-жылдын декабрында өткөн. Анда кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшкан.

Соңку үч жылда Өзбекстан Кыргызстанга экспортун беш эсе көбөйттү. 2016-жылы коңшулар Бишкекке болгону 67 миллион долларлык товар жөнөтсө, 2018-жылы бул сумма 350 миллион долларга чукулдады.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты