9-сентябрда комуз күнү белгиленет
- 5 лет мурун
Бүгүн, 29-июлда, Президент Сооронбай Жээнбеков ар жылы 9-сентябрды комуз күнү катары белгилөө тууралуу жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкта мындай деп айтылат:
«Азыркы шартта комуздун жаңы маанисин ачуу керек, ал кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдиктин символу болууга тийиш.
Кыргызстан элинин маданий интеграциясы коомдогу тынчтык, ынтымак жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болуп калат.
Ушуга байланыштуу Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарыл» .
Сурөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү