Тажик Президенти Кыргызстанга келди
- 5 лет мурун
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда, Кыргызстанга келди.
Аны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон жолугушууну эртең, 27-июлда, Чолпон-Ата шаарында улантат.
Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чараларды талкуулашат.
Бүгүн, 26-июлда, алар Тажикстандын Исфара шаарында жолугушту.
22-июлда Кыргызстан жана Тажикстан жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан.
Муну бөлүшүү