​ИИМ: Ысык-Көлдө жолдо бүгүн бир саат чектөө коюлат

  • 5 лет мурун

26-июлдан 28-июлга чейин Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен келет.

Ушуга байланыштуу Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо кортеж өтүп бара жатканда транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр коюла тургандыгы маалымдалды.

«Транспорт каражаттарынын кыймылына бүгүн, 26-июль күнү бир саатка гана чектөө коюлат. Башка күндөрү эч кандай чектөө киргизилбей, жолдор ачык болот.

26-28-июль күндөрү Ысык-Көл облусуна бара жаткан учурда эркин жүрүүңөргө тынчсызданбай эле койсоңор болот жана жол эрежесин сактаңыздар» деп билдирди ИИМ басма сөз кызматы.

Бүгүн Кыргызстан жана Тажикстан Президенттери Тажикстанда жолугушууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты