50 миң доллар пара менен кармалган Жусубалиевди прокуратура 20 жылга соттоону сурады

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райсотунда Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин соту уланууда.

Айыптоочу Жусубалиевди 20 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Азимкан Жусубалиев 2018-жылдын 5-декабрында 50 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Ал тендер комиссиясын жетектеп туруп жол-курулуш иштеринин тендеринде маселени оң чечип берүү «кызматын» чет элдик компаниядан жалпысынан 520 миң долларга баалаган деп айтылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда министрдин орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган деп шектелген.

Сот бул иш боюнча Азимкан Жусубалиевден башка Бехруз Гулрузовду (Италиянын «Todini» компаниясынын Алматыдагы филиалынын коммерциялык директору) жана Болотбек Токтобаевди (ортомчу) айыптоодо.

Айыптоочу пара алууга ортомчулук кылууга шектелген Токтобаевди төрт жылга эркинен ажыратууну жана үй-мүлкүн конфискациялоону суранган. Ал эми кылмыш иштин бетин ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн Гулрузовго коюлган беренени өзгөртүүнү, ага айып салууну өтүнгөн.

Жусубалиевдин жактоочулары баштапкы коюлган айыптар далилденбегенине байланыштуу, аны бошотууну суранып жатышат.

Кийинки соттук отурум 30-июлда уланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты