15 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталып, кылмыш иши козголду

  • 2 месяца мурун

Талас облусунун Чыңгыз Айтматов районунда 15 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициянын басма сөз кызматы 23-майда билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдүн боюнда бар экенин милицияга мектептин мугалимдери кабарлаган. Ошондой эле кыздын апасы да милицияга арыз менен кайрылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кыздын 26 жумалык боюнда бар экени такталып, кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул факты боюнча Айтматов районунун 31 жаштагы тургуну шек саналып кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты