АКШда мигранттарга башкалка берүү эрежеси катаалдашты
- 5 лет мурун
АКШнын Юстиция министрлиги жана Ички коопсуздук министрлиги мигранттарга башпаанек берүүнүн жаңы эрежелерин макулдашты.
Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.
Түштүк чек арада башка өлкөнүн аймагын кесип өтүп келгендерге башкалка берилбейт. Өзгөртүүлөр 16-июлдан тарта күчүнө кирери күтүлүүдө.
Федералдык реестрдин сайтында жарыяланган документте “Борбор Америка жана Мексиканы кесип өтүп келген көптөгөн чет элдиктер ал жактан баш паанек сурашпайт, себеби АКШда жашоону каалашат” деп айтылат.
АКШ Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы иммиграциялык сотторго башпаанек берүү боюнча 162 миңден ашуун арыз келип түшкөн. Бул беш жыл мурдагыга салыштырганда 270% көп.
Жекшембиде иммиграция жана бажы полициясы (ICE) мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоо боюнча АКШнын бардык аймактарында рейд жүргүздү.