Диний билимди жөнгө салуучу жобонун тагдыры кандай болот?
- 5 лет мурун
- Аналитика
Эгемендик алгандан кийин Кыргызстан демократиялык жолго түшүп, жарандарга дин тутуу эркиндиги берилген. Совет доорунда динге болгон муктаждык мамлекеттик саясаттан улам өз ордун таба алчу эмес. Эгемендүү өлкө болгондон кийин дин тутуу эркиндиги кошо келип, диний билим алууга кызыгуу да жанданып, диний окуу жайлар ачыла баштаган.
Мисалы, 1991-жылы Кыргызстан боюнча 39 мечит катталса, учурда алардын саны 3 миңден ашык. Дал ушул 1991-жылдын 17-декабрында “Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Андан кийин көптөгөн медреселер баш аламан ачылып, көпчүлүгү жеке колдордо лицензиясы жана бирдиктүү стандарты жок, куран жана хадистерди гана окутуп келишкен.
Жөнгө салуучу концепция
Кыргызстанда жалпысынан Ислам багытында билим берген 131 окуу жай Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн: бир Ислам университети, 9 Ислам институту, 13 диний билим берген борборлор, 113 диний окуу жайлар бар. Христиан багытындагы диний окуу жайлардын саны болсо 10. Ошондой эле, теологоия факультеттерин ачып, бул багытта билим берип жаткан университтер дагы бар. Алар дин иштери боюнча комиссиядан каттоодон өтүшкөн эмес.
Дүйнөдө радикалдашуу жана терроризм күч алгандан кийин гана Кыргыз өкмөтү бул маселеге көңүл бурду. 2014-жылы Коопсуздук кеңеши“2014-2020-жылдардагы Кыргызстандын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча концепцияны” кабыл алган. Бул концепцияны турмушка ашырууга өкмөт 2015-2020 – жылдар үчүн республикалык бюджеттен 22 миллион сом бөлүүнү караган. Ушул концепцияда коюлган диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатын ишке ашырыш үчүн 2016-жылдан бери аракеттер жүрүүдө.
Оболу 2016-17-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги менен Диний окуу жайларды реформалоо концепциясын атайын жумушчу топ иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон. Бирок, ал документ өкмөт тарабынан расмий бекитилген эмес. Андыктан ал концепция актуалдуулугун жоготуп, жакында бул багытта жаңы жобо сунуш кылынды. Концепция расмий күчүнө кирбесе да Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги, Булан институту, Жалпы кызыкчылыктарды издөө эл аралык уюму, Муфтият жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын аракеттери менен айрым иштер ишке ашып калды.
Пилоттук программа
Бул концепциянын алкагында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 2015-2016 окуу жылында Кыргызстандын 10 мектебине пилоттук долбоор катары “Дин маданиятынын тарыхы” деген сабак киргизилген. 2016-2017-окуу жылында дагы 56 мектепке кирген. 2018-2019 окуу жылы менен анын пилоттук мөөнөтү аяктайт.
Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов пилоттук мөөнөт аяктагандан кийин жыйынтык жакшы болсо, пилоттук негизде баардык мектептерге киргизилерин айтты:
“Мөөнөтү бүткөн соң ошол пилоттук долбоорго карата Билим берүү жана илим министрлиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Билим берүү академиясы, тиешелүү эксперттердин катышуусу менен биргеликте мониторинг жүргүзүлөт. Анда канчалык деңгээлде долбоор жакшы ишке ашканы, окуучулар канчалык деңгээлде ошол предметти өздөштүрө алгандыгы каралып, жыйынтыгы жакшы болсо, мындан ары 2019- 2020-жылдары ошол пилоттук долбоор бардык мектептерге киргизиле баштайт,- Зайырбек Эргешов.
Концепция өкмөт тарабынан беитилбесе дагы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешовдун айтымында диний окуу жайларды реформалоо үчүн муфтияттын аткара турган ишчаралары төмөнкүлөр болгон:
1. диний кызматкерлерди аттестациялык комиссиядан өткөрүү;
2. диний окуу жайлардын статусуна ылайык диний окуу жайлардын жетекчилигине эки дипломдуу мүдүрлөрдү дайындоо;
3. диний окуу жайлардын жетекчилерин, мугалимдерин кошо аттестациялоо;
4. диний окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын, санитардык нормаларга ылайык жатагына, тамак-ашына, эс алуусуна ылайык шарттарын жакшыртуу.
“Өзгөчө мугалимдердин сапатын көтөрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер аткарылып бүттү”,- дейт Акимжан Эргешов.
Адистердин пикири
Аталган концепциянын негизинде диний билим алуу боюнча жобо жумушчу топ тарабынан тузулгөн.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкери Гүлназ Исаева диний билим алуу боюнча атайын жобо тууралуу айтып берди:
“Жободо диний окуу жайларга үч талап коюлган: укуктук талап ( укуктук статусу, кандай каттоодон өтүшү керек); окуу пландарынын мазмунуна талап (светтик сабактар да окутулушу керек) ; окутуучуларга болгон талап (алардын дипломдору жана тиешелүү сертификаттар. Бул талаптар баардык диний окуу жайлар үчүн бирдей болушу керек”,-дейт Гүлназ Исаева.
Эксперттер Жобонун 14- бөлүмүндө максаттар жана нормалар бар, бирок аткаруу механизмдери бүдөмүк экендигин айтышат. Мисалы, медреселерде светтик сабактарды кимдер окутат, аларга ким маяна төлөйт, деген суроолор жоопсуз калууда.
Мусулмандар дин башкарамалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов талап кылынган предметтердин түйшүгүн ким тартаары белгисиз экендигин айтат:
“Жобонун негизинде орто окуу жайлар үчүн 5 предмет, жогорку окуу жайлар үчүн 10 предмет киргизилгени турат. Талап кылынган предметтердин түйшүгүн ким көтөрө тураганы бүгүнкү күндө дагы деле маселе боюнча турат. Ушул нерсени коомчулук жана мамлекет туя билиши керек. Негизи Аалымдар кеңеши тарабынан тузүлгөн атайын программа бар. Бирок, баардык окуу жайлар ага баш ийе беришпейт. Ошондуктан бул жобо толукталып ишке кириши керек”, — дейт Эргешов.
Теолог Абай Кенжекуловдун айтымында, бул концепция учурда коом үчүн керек:
«Бирдиктүү программа киргизилип, диний билим көзөмөлдөнүшү керек. Болбосо, ар кайсы медресе өзү каалаганын жасай берет. Бизде диний окутуучулар, диний ишмерлер негизи бир мектептен чыгышкан эмес. Бири түрк мектебинен чыкса, бири Египеттен, кай бири Россиядан бүтүп келген. Бул албетте ар түрдүүлүк, бир беткейлик эмес.
Азыркы учурда ар кандай агымдардын таасири болуп жатканы барыбызга белгилүү. Ошондуктан, бул жобонун ишке кирүүсү маанилүү. Жетишсиздиктер бар болсо, бара-бара ондолот»,-дейт теолог.
Концепция жалпысынан 63 пунктан турат. Анын 29 пункту 2020-жылга чейинки мөөнөттү камтыйт. Калган пункттары ар бир жылга карата алдыга коюлган тапшырма негизинде ишке ашырылып келүүдө.