​Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болду

Кыргызстан премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан премьер-министри Аскар Мамин менен чакан чөйрөдө жана кеңири чөйрөдө өз ара кызматташуу маселелери талкууланганын белгиледи.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

«Биз жүк ташуу анын ичинде Казастан аркылуу үчүнчү мамлекеттерге кетип жактан жүктөрдү өткөрүү жол-жолболорун жеңилдетүү маселесин талкууладык.

Мындан тышкары «Каркыра-автожол» көзөмөл-өткөрүү бекетинен оор жүк ташуучу унаалар менен товарларды өткөрүү макулдашылды.

Ошону менен бирге 2020-жылы Талас обулусундагы «Кичи-Капка» бекети ачылмай болду.

Муну менен катар «Чолпон-Ата – Алматы» жолун куруу, Аспара дарыясы менен Чүй-2 айланма каналында суу сактагычын салуу боюнча инфраструктарылык долбоорлор да талкууланды.

Эки мамлекет өкмөттөрү келерки жылы ишке ашыра турган бир катар максаттарды белгиленди», – деди Премьер-министр.

«Казакстан биздин негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүбүздүн бири. Кыргызстандын товар айлануусунда Казакстан 11,2% ээлейт, анын ичинде экспортто – 14%.

2019-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан менен Казакстандын соода алмашуусу 284 млн долларды түздү.

2018-жылдын ушу мөөнөтүнө салыштырмалуу 12,7% өсүп, анын ичинде экспорт 95 млн долларды (өсүш 6,1%), импорт – 188,6 млн долларды (өсүш 5,7%) түздү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Кыргызстан республиканын аймагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө, айыл-чарба жана мал чарбачылык продукциянын башка өлкөлөргө экспорттогон ишканаларды ачууга кызыкдар.

Мындан тышкары, отун-энергетикалык комплексти өркүндөтүү максатында, Казакстандан Кыргызстанга нефть жана күйүү майды ташуу боюнча маселелерди чечүүгө кызыкдарбыз.

Казакстанда ички процедуралар бүткөн соң бул маселе боюнча документке кол коюлат деп ишенем», – деди Өкмөт башчы.

Өз учурунда Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин бүгүнкү күн тартибинин мазмундуулугуна көңүл буруп, кабыл алынган чечимдер эки тараптын кызматташуусуна чоң салымын кошорун билдирди.

Аскар Мамин Казакстан эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты өркүндөтүү, андан тышкары башка маселелер боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты