​Кыргызстан менен Казакстан соода жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү аракетинде

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Казакстан премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев алдыдагы максаттар тууралуу белгиледи:

«Биз өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүп жатабыз. Биз өзүбүздүн алдыбызга ири максаттарды коюп жатабыз – эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин илгерилетүүнү камсыздоо» деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Аскар Мамин Казакстан Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«Бүгүнкү жыйын өкмөттөр тарабынан коюлган эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берет жана Өкмөттүн алдында коюлган тапшырма – кыска мөөнөттүн ичинде соода жүгүртүүнү жок дегенде 1 млрд долларга жеткирүү. Бул ишке ашырыла турган маселе деп ойлойм», – деди Аскар Мамин.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты