​Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди

  • 5 лет мурун

«Манас» эл аралык аэропортунда Аскар Маминди бүгүн, 12-июлда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Аскар Маминдин Кыргызстанга сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган, алардын катарында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны.

Ал эми эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта өтмөкчү.

Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда.

Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.

Ошондой эле Казакстан премьер-министрин Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты