​«Укук» жана «Соцсервис» мамлекеттик ишканалары түзүлдү

  • 5 лет мурун

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдында «Укук» жана «Соцсервис» мамлекеттик ишканалары түзүлдү.

Тийиштүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол rойду.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Бул чечим санариптик трансформация боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында кабыл алынды.

«Укук» мамлекеттик ишканасы сот, прокуратура, укук коргоо органдары, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш, миграция, коргонуу, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу, чек ара, радиациялык жана өрт коопсуздугу тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгып, алардын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык коштоосун камсыз кылары белгиленди.

«Соцсервис» мамлекеттик ишканасы саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият, спорт, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик жөлөкпул, жеңилдиктер жана пенсия тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгып, алардын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык колдоосун камсыз кылары айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты