​Шарджа — Бишкек — Шарджа аба каттамы расмий ачылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 5 июлда, Шарджа — Бишкек — Шарджа G90347 авиакаттамы расмий ачылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Дубай шаарындагы башкы консулдугу жана “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
«Air Arabia» авиакомпаниянын биринчи рейсин жана биринчи жолу учуп келген жүргүнчүлөрдү, эл аралык «Манас» аэропорту салтанаттуу түрдө тосуп алды.

Биринчи каттам менен Airbus-320 учагында 167 жүргүнчү Бишкекке келди.

Аны адаттагыдай, алгач келип жатканы үчун суу чачып тосуп алышты.

Бүгүнтөн баштап «Air Arabia» бир жумада төрт жолу — жекшемби, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү уча баштайт. Учуу мөөнөтү- төрт саатка жакын.

Сүрөт: «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы жана Дубайдагы КР Башкы консулдугу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты