​Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасов АКШдан саясий баш паанек алды

Экс-баш прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасов (Салянов) үй-бүлөсү менен АКШдан саясий баш паанек алды.

Бул тууралуу 24 kg агенттиги жазды жана маалыматты анын туугандары тастыктады.

Калыбек Элтуйбасовго Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу өндүрүштүк тергөөгө тоскоол болгону үчүн сыртынан айып тагылган. ИИМдин башкы иликтөө башкармалыгы ага кылмыш ишин козгогон.

2014-жылы 10-мартта белгисиз себептер менен 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева өлтүрүлгөн. Кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн буруп, ИИМдин мурдагы министри Мелис Турганбаев ишти аягына чыгарууга убада берген.

2016-жылы 21-ноябрда министрликтин кийинки жетекчиси Кашкар Жунушалиев да кылмыш ишин иликтей тургандыгын айткан.

Милициянын ырасташынча, 2014-жылы 10-мартта Калыбек Элтуйбасов сауналардын бириндеги көзөмөл камерадагы жаздырууну өчүргөн. Ага эс алуучу жайдын жетекчиси Насыр Алмаматов жардам берген. Ошол учурда видео милицияга да керек болгон.

Ал эми Аида Салянова Насыр Алмаматов үч жылдан кийин, 2017-жылы “Видео жаздырууларды өчүрүп сал деп Салянов тапшырма берген» деген көрсөтмө берип жатат деп айткан.

Салянова ошондой эле «видео жаздырууларды милиция кызматкерлери, Саляновдун күнөөсүз экендигинин далили экенин билип туруп өчүрүп салышканы боюнча маалымат бар экен» деп билдирген.

Элтуйбасовго өндүрүштүк тергөөгө тоскоол болгону үчүн сыртынан айып тагылган. ИИМдин башкы иликтөө башкармалыгы ага кылмыш ишин козгогон.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова 2019 -жылдын 24-январында Камила Дүйшөбаеванын өлүмү саясий өңүт алып жатканын айткан.

“Бул жерде эң өкүнүчтүү нерсе, кыздын өлүмү саясий максатта пайдаланылып, коомчулукта көп айтыла баштады. Ошол эле учурда чыныгы кылмышкер биздин арабызда жүрөт. Бирок ал менин тууганым эмес” деп айткан Салянова.

Ал эми Калыбек Элтуйбасов Салянов аттуу фамилиясын өзгөртүп, карындашы Аида Салянова учурунда Баш прокурор болгон үчүн кысым болуп жатат деп өлкөдөн чыгып кеткен.

2019-жылы Элтуйбасовду экстрадициялоо тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты